📚 2024-жылды 14-мартында «Давха» мектеп-комплексинин кыргыз тили мугалимдери: Масымканова Жылдыз Мырзабековна жана Барпыбекова Гулзина Урыстановна окуучуларды Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага «Мезгил жана Алыкул» аттуу иш-чарага алып барып келишти.
📚 Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К. Кадыракунов, П. Казыбаев, Б. Сатыгулов, КР Эл акыны Ж. Саалаев, КР Эл акыны С. Акматбековалар болушту.
📚 Максаты: Окуучулардын белгилүү акындар менен жолугуштуруу жана көркөм дүйнөсүн өстүрүү.
📚 Биздин окуучуларыбыз акындын ырларын маанисин түшүнүп, көркөм чеберчиликте, кызыгуу менен айтып беришти.