Школа-комплекс «Давха»

«Нет плохих детей — есть плохой подход к ним»

г. Бишкек, Ибраева, 67

район ТЦ "Таатан"

Школа-комплекс
«Давха»

  1. Главная
  2. »
  3. Без рубрики
  4. »
  5. 🇰🇬 Мамлекеттик тил күнү 🇰🇬

🇰🇬 Мамлекеттик тил күнү 🇰🇬

🇰🇬 «Давха» мектеп-комплексинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү 🇰🇬

Мектебибизде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган мазмундуу, кызыктуу иш-чара болуп өттү. ❤️

✨ Окуучуларыбыз кыргыз тилинин байлыгын жана көркөмдүгүн даңазалаган сонун программа тартуулашты. Алар көркөм ырларды окуп, макал-лакаптарды айтып, улуу «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүп, ырларды аткарып, кызыктуу викторинага катышып, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле улуттук бийлерди бийлеп, кыргыздын улуттук оюндарын ойноп, комузда өнөрлөрүн көрсөтүштү. 🎶🌿

🌸 Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты жана улуттук баалуулуктары кеңири чагылдырылып, окуучулар өз эне тилине болгон сүйүүсүн жана сый-урматын чыгармачылык менен көрсөтүштү.

💐 Майрамдын дагы бир өзгөчө бөлүгү – мектептин улуу муундагы кызматкерлерин куттуктоо болду. Окуучулар жана ата-энелер мектепте эмгектенген ардактуу кызматкерлерди Карылар күнү менен куттуктап, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Ар бирине урмат-сыйдын белгиси катары чакан белектер – азык-түлүктөр тапшырылды. ❤️

Бул жылуу жолугушуу улуу муунга болгон урмат-сыйдын, ыраазычылыктын жана камкордуктун сонун үлгүсү болду. 🌷

💫 Мындай иш-чаралар жаш муунду эне тилин сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого, улуу муунду сыйлоого жана адамгерчилик сапаттарды баалоого тарбиялайт.

Кыргыз тили – улуттун жүрөгү, элдин руху! 🇰🇬❤️

Эне тилибиз ар дайым көркөм жаңырып, улуттук баалуулуктарыбыз муундан-муунга өтүп, улуу муунга болгон урмат-сыйыбыз эч качан үзүлбөсүн! 🌿✨

Если у вас появились вопросы, оставьте нам свои контактные данные и мы вам перезвоним.