Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,
Кыргыз тили кылымдарда уккан тил.
Кыргыз тили акындардын ырынан,
Чечендердин тандайынан чыккан тил.
🇰🇬 Бүгүн «Давха» мектеп- комплексинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата «Дил бермети-тил» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
🇰🇬 Максаты: Ар бирибиз эне тилибизди аздектеп сактап, урпактарга улуу мурас кылып берүү менен бирге, мамлекеттик тилге болгон бийик урматтоосун даназалоо. Эли-жерин сүйүүгө, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбиялоо.
🇰🇬 Иш-чарада: Окуучулар эне-тилди даңазалаган ырларды, көркөм окууларды, кыргыз бийин бийлешип, баланы бешикке салуу каада-салты көрсөтүлдү. Мугалимдер да эне-тил жөнүндө ырын ырдап беришти.
🇰🇬 Бул иш-чарабыз ата-энелерге, мугалимдерге жана окуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.