Бүгүн 21.09.23 “Давха” мектеп-комплексинде Мамлекеттик тил кунүн 34 жылдыгына карата “Тил – улуттун байлыгы” аттуу кызыктуу иш-чара өтүлдү.
Максаты: Кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу көркөм тил экенин жеткирүү. Кыргызча так, көркөм сүйлөөгө, сактоого үйрөтүү.
“Давха” мектеп-комплексинде ар улуттун окуучулары окуса да, кыргызча көркөм ыр, макал, бий, акыйнек айтып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери да майрамдык маанай тартуулап кетишти.