🎉 «Давха» мектеп-комплексинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тил – улуттун жүзү, ар-намысы» аттуу чоң иш-чара өткөрүлдү.
📌 Максаты:
Эне тилге болгон урмат-сыйды арттыруу, анын баалуулугун терең түшүндүрүү, улуттук нарк-насилди жана каада-салттарды таанытуу, окуучуларды көркөм жана туура сүйлөөгө, тилдин байлыгын даңазалоого үйрөтүү.
✨ Иш-чара учурунда окуучулар кыргыз тилин даңазалаган ырларды ырдап 🎶, улуттук бийлерди бийлешип 💃, көркөм окууларды тартуулашты 📖. Ар бир класс өзүнүн чыгармачылыгын жана эне тилге болгон сүйүүсүн сахнада көркөм чагылдырып беришти.
👩🏫 Ал эми мугалимдер тарабынан кыргыз элинин байыркы жөрөлгөлөрүнүн бири болгон, чач өрүү салты көрсөтүлүп, анын тарыхый мааниси жана тарбиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул окуучулар үчүн өз элинин маданиятын тереңирээк таанып-билүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду.
🌿 Иш-чара соңунда эне тилди ардактай билүү – ар бирибиздин парзыбыз экени баса белгиленип, «Тил бар жерде – улут бар» деген ураан менен жыйынтыкталды.