Школа-комплекс «Давха»

«Нет плохих детей — есть плохой подход к ним»

г. Бишкек, Ибраева, 67

район ТЦ "Таатан"

Школа-комплекс
«Давха»

  1. Главная
  2. »
  3. Без рубрики
  4. »
  5. «Давха» мектеп-комплексинде Ак калпак күнү белгиленди

«Давха» мектеп-комплексинде Ак калпак күнү белгиленди

🇰🇬 5-мартта «Давха» мектеп-комплексинде кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон Ак калпак күнү кеңири белгиленди. Бул майрамдын максаты – улуттук өзгөчөлүктү сактоо, ак калпакты кийүүнүн маанисин, анын тарыхый жана маданий баалуулугун жаш муунга жеткирүү.

🇰🇬 Иш-чаранын алкагында окуучулар ак калпак тууралуу ырларды көркөм окуп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, кыргыз элинин бай тарыхына жана руханий мурасына болгон урмат-сыйын көрсөтүштү. Ошондой эле, ак калпактын кыргыз маданиятындагы орду, анын символикалык мааниси тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

🇰🇬 Бул иш-чара кыргыз элинин улуттук символдорун даңазалоо менен бирге, жаштардын мекенчилдик сезимин арттырууга жана салт-санаага болгон сый-урматын күчөтүүгө зор салым кошту.

Если у вас появились вопросы, оставьте нам свои контактные данные и мы вам перезвоним.