📚 «Давха» мектеп-комплексинде 5-11-класстын окуучуларынын кыргыз тили боюнча билим деңгээлин текшерүү максатында административдик тест жүргүзүлдү. Иш-чаранын башында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырып, мектеп-комплексинин мүдүрү Курманали кызы Мира окуучуларга кыргыз тилин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал кыргыз тилин кадырлоо, аны үйрөнүү жана эркин сүйлөө ар бир жарандын милдети экенин айтып, окуучуларды патриоттуулукка үндөдү.
🖊️ Тесттин максаты:
🔹 Окуучулардын кыргыз тили боюнча билим деңгээлин аныктоо;
🔹 Тилдик көндүмдөрүн жана окуп түшүнүү жөндөмүн баалоо;
🔹 Сабаттуу жазуу жөндөмдөрүн текшерүү;
🔹 Окутуу программасын канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн тактоо.